Дүйнөнүн 2 жолку финалисти жана Азиянын 3 жолку чемпиону Жамиля Бакбергенова кыргыздардын колдоосуна суктанды. Анын видеосу соцтармакта жарыяланды.
«Мен кыргыз элине суктанам. Ынтымактуу, биримдиктүү калк. Спортсмендерин жапырт колдошот. Бир жолу залда машыгып жатам. Өзүбүздүн бир бай ага келди. Намысыма тийди. «Эмне кыргыз балбан кыздарындай жеңишке жете албайсыңар?» дейт. «Силер кыргыз байкелердей спортсмендерди колдой аласыңарбы?» дедим. Кыргыздар жеңишке жетсең, дуулдап колдоп жиберишет экен да. Үйүңдү, машинаңды алдыңа тартуу кылып жиберчү кыргыз жигиттери көп экен да. Шарт түзүшөт, сыйлашат. Жеңилип калсак, бизди өзүбүздүкүлөр мазакташат. Кыргыздар тескерисинче, спортсмендерин коргошот, жапырт колдошот», — деген ал.
Саясатчы, экс-депутат Орозайым Нарматова турмушка чыкты. “Бул жолдон көпчүлүк өткөн, жеңген, кайткан, өкүнгөн. А мен тек гана бактылуу болгум келет,...
7-июль күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, “Тапсан сеники” Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу, жарандар шаар ичинде катылган баалуу буюмдарды издеп...
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош көчөсүндө жайгашкан №24 Фрунзе мектебинин соода түйүндөрдөн бошотулган аймагын бөлүп берүү жана айланасын тосмо...