Чүй облусунун Кемин районундагы мурда мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, базар баасы 4 миллиард 7 миллион 77 миң сомду түзгөн 353,3 гектар өндүрүштүк жерлер аныкталып, мамлекеттин балансына Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Тиешелүү текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты М.Н.К. аффилирленген компаниялар аркылуу мамлекеттик өнөр жай жерлерин жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп алганы аныкталган.
Учурда УКМК мамлекеттик мүлкүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактыларын аныктоо боюнча иштерди улантууда.
7-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору, ошондой эле Кызматтын Нарын регионалдык...
Кечээ, 10-август күнү Чүй облусунун Панфилов районунда тоодогу өрттү өчүрүү иши кеч киргендигине жана тоонун боорунан таштар кулап, кооптуу болгондугуна...
Бишкектин чет жакасындагы Орок айылындагы тоо боорунан чыккан өрт кечээ, 10-августта саат 20:25те толук өчүрүлдү. ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын...
Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Орок айылында көрүстөндө ачык аянтта куураган чөптөн өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеринде...
Чүй облусунун “Бишкек-Ош” унаа жолунда эвакуатордун үстүндө кыздардын тулку боюн унаадан чыгарып бара жаткандыгы боюнча видео тасма тараган. Бул факты...