Бүгүн, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы
Нурланбек Шакиев Чүй облусунун Токмок шаарына иш сапары менен барды. Алгач төрага А.С.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын абалы менен таанышты. Аталган мектеп-гимназия Токмок шаарында курулган алгачкы окуу имараттарынын бири болуп эсептелет. Тагыраагы, билим берүү мекемеси негизги имараты 1953-жылы ишке киргизилген. 850 окуучуга ылайыкташканы менен учурда 2245 окуучу билим алат. Ага ылайык, агартуучулар Жогорку Кеңештин төрагасынан кошумча жаңы окуу корпусун курууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.