Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы жана жактоочу пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жайыл районунун прокурорунун жардамчысы ишенимдүү адвокат аркылуу айыптоонун квалификациясын жеңилдетүүчү жагына өзгөртүү жөнүндө маселени оң чечкендиги үчүн пара алгандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, козголгон кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын Ички иликтөө башкармалыгы менен биргеликте тергөө-ыкчам иш-чаралар комплекси жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө кылмыш ишинин фигурантынан 80 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алган жактоочу кармалган, ал алынган каражатты Чүй облусунун Жайыл районунун прокурорунун жардамчысына кылмыш ишинин беренелерин анча оор эмес беренеге жеңилдеткендиги үчүн пара катары өткөрүп берген.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен адвокат Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен, прокурордун жардамчысы Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) менен айыпталган.
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы...