Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «Притон» аталышындагы иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө, аялдарды жана жаш өспүрүмдөрдү соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алууга , сойкулук менен алектенген адамдарды , көмүскө жерлерди,мейманканаларды, сауна жана башка жайларды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлдү.
Ошону менен бирге иш-чара учурунда Бишкек шаарынын аймагында сойкулук менен алектенген 50дөн ашык кыздар аныкталып, райондук ички иштер башкармалыктарына жеткирилди. Алар менен адеп ахлактын эрежелерин сактоо, коомчулукта мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы тууралуу түшундүрүүлөр болду.
Белгилей кетсек, үй комитеттери жана көп батирлүү турак жайларды, ал батирлер кандай максатта пайдаланылып жатканын текшерүү жана аныктоо боюнча иш-чаралар улантылат.
Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда 20 жылдык кечеден кийин өлтүрүлгөн келинге байланыштуу иш каралып, сот өкүмү чыкты. Соттон билдиришкендей,...
Кечээ, 30-июлда Балыкчы шаарынын тургуну Балыкчы ШИИБге алдамчылык фактысы боюнча кайрылган. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Анын айтымында, белгисиз адамдар...
Ош облусуна караштуу Өзгөн райондук сотунда 20 жылдык кечеден кийин өлтүрүлгөн келинге байланыштуу иш карала баштады. Маркум келиндин кылмышка шектүү...
Ысык-Көлдө жеңил унаа жүк ташуучу унаанын астына кирип кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирди. Видео саат 11:00дөр чамасында Кош-Көл айылына...
Аксы РИИБдин кызматкерлери пара талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМКга Аксы районунун тургунунан Аксы РИИБнин кызматкерлери пара...