Чүй облусунун Панфилов районундагы «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» мамлекеттик менчикке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан Чүй облусунун Панфилов районундагы мурда жеке жак тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кайыңды нан кабыл алуу пункту” мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Чүй облустук мамлекеттик мүлк фондунун жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 3,4 га болгон «Кайыңды нан кабыл алуу пункту» имараттары жана курулуштары менен бирге жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийинчерээк үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээси сметалык баасы 650 миллион 82 миң сомдук объектти өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына өткөрүп берди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Тажикстан Республикасынын Душанбе шаарына жумуш сапары менен барды. Төраганын учагы Душанбе эл аралык аэропортуна конду....
Жакынкы күндөрү көлөмү 50 кубка чейинки мопед жана мото-скутер айдоочуларына кошумча “М” категориясы киргизилип, каттоого алынып, мамлекеттик номур тагылып, мото-скутер...
Оштогу Өзгөн районунда өлтүрүлгөн келиндин окуясы тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутаттарга маалымат берди. "Мындай окуяга алып...
Бүгүн парламентте порносайттарга тыюу салуу маселеси кызуу талкууланды. Депутат Дастан Бекешев чоң адамдар муну көрүүнү өзү чече турганын айтса, Марлен...
Айт, арапа күндөрү жол кире акысын өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти. Маалыматка караганда, техникалык көзөмөлдөө бөлүмү...