Мындан бир ай убакыт мурда биз Адилет Өмүрбеков аттуу Таластын тургунунун жана анын үй-бүлөсүнүн аянычтуу тагдырын чагылдырганбыз. Бүгүн дал ошол каармандар менен маектештик. Алар «Элден айланса болот. Көпчүлүктөн чогулган акчага жер үлүшүн сатып алып, үй салып жатабыз. Биз да, балдарыбыз да бактылуу» дешет. Бул үй бүлө «Жашообуздун өзгөрүүсүнө салым кошту» деп атаган Оксана Эркинбек кызынын да ишмердүүлүгү жана алдыдагы пландары менен тааныштык.
Жасалма мед.техника жана акыйкат үчүн күрөш
Бул иликтөөдө биз ден соолукка байланыштуу, тагыраагы өлкөдөгү айрым ооруканалдагы айрым медициналык аппараттардын чоо-жайы тууралуу кеп кылабыз. Берүүнүн жүрүшүндө тендер...