Саат 08:30га карата Төө-Ашуу ашуудагы жол тыгыны жөнгө салынып, жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу аракети көрүлүүдө. Жеринде ӨКМден жалпы 66 куткаруучу, 14 техника тартылып, «Арал» жана «Сосновка» өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Ошондой эле куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратып берип жатышат.
Ал эми жолдогу майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө. №9 Жол тейлөө ишканасынан 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал тартылып, тазалоо жумушу жүрүүдө. Мындан сырткары ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош көчөсүндө жайгашкан №24 Фрунзе мектебинин соода түйүндөрдөн бошотулган аймагын бөлүп берүү жана айланасын тосмо...
Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-июлда Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин...
Аймактарда чөптүн сезону кызуу жүрүп жатса керек, таңгакка эчкемер да кошулуп кеткен. Соцтармакта сүрөт Шамалды-Сайда тартылганын жазышууда. Жаныбардын аман калган-калбаганы...
Бүгүн, 10-июлда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Астанада болуп өткөн бокс боюнча Дүйнө кубогунда 3-орунду ээлеп, коло медалдын ээси болгон Кыргызстандык...