Милиция кызматкерлери каракчылык боюнча шектүүлөрдү кармады. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
9-январь күнү саат 03:40 чамасында Свердлов РИИБге Огомбаев көчөсүндөгү мейманканалардын бирине белгисиз адамдар кирип барып, жаранга карата күч колдонуп, курч буюм менен коркутуп, уюлдук телефонун жана 50 миң доллар акчасын алып, Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка качып кетишкендиги тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2003, 1999, 2004-жылы туулган шектүүлөр кармалган. Учурда шектүүлөрдүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча бардык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер...
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...