Калифорниядагы ири өрттөрдүн кесепетинен 12,3 миңден ашуун курулуштар жана бүтүндөй кварталдар кыйрады. Бул тууралуу NBC News жазды. Өрттү катуу шамал жайылтып жатат деп айтылууда. Синоптиктер шамал шаршембиге чейин уланарын кабарлашууда.
Калифорниядагы «Итон» өртү АКШ тарыхында өрттөн курман болгондордун саны боюнча бешинчи орунда деп болжолдонуп жатат. Акыркы маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен каза болгондордун саны 24 адамга жетти. Ал эми Санта-Моникадагы эвакуация зоналарында 39 киши уурулукка шектелип кармалды.
Өрттөн кийин Лос-Анжелестин Пасифик Палисейдс элиталык району ушундай көрүнөт.
25 жаштагы индиялык теннисчини өз атасы атып өлтүрдү. Анын кошуналары “Сен кызыңдын акчасына жашап жатасың” дей беришкен. Полициянын айтымында, атасы...
Орусияда транспорт министри кызматынан бошотулган Роман Старовойт өз жанын кыйды деп билдирет Tengrinews.kz. Орус медиасынын жана Telegram-каналдарынын алдын ала маалыматына...
Казакстандын Павлодар шаарында аял автобустун 19 жаштагы жүргүнчүсүнө кол көтөргөн. Видеодо анын чачынан кармап, уруп жатканын көрүүгө болот. Мунун баары...