«Ыш адамдын ден соолугуна эмнеси менен зыян?» деген видеону ӨКМдин басма сөз кызматы соцтармактагы баракчасына бөлүштү.
Анда ыштын адамга тийгизген таасири көздүн дүүлүгүүсүнөн баштап, онкологиялык ооруулардын күчөшүнө чейин жеткирери жазылган.
«Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 10 адамдын 9у булганган аба менен дем алат. Булганган абадан жыл сайын дүйнөдө болжол менен 7 миллион адам өлөт. Алардын ичинен 2 миллиондон ашык адам жүрөк-кан тамыр ооруларынан, 1 миллиондон ашык адам инсульттан кайтыш болот», — деп жазылган маалыматта.
Абанын кирдигинен төмөнкүдөй оорулар пайда болот:
— астма;
— бронхит;
— алсыздык жана баш оору;
— респератордук вирус;
— жүрөк оорулары;
— инсульт;
— бөйрөк жетишсиздиги;
— өпкөнүн сезгениши;
— өпкө рагы.
27-июлда Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Рух-Ордо» маданий борборунда «Бир тууган» фестивалы өтүп, аягына чыкпай иш-чара токтотулган. 24.кж басылмасы күбөлөргө шилтеме берип, жарык,...
15-августтан тарта Кыргызстанга интернет алып келүүгө мамлекеттик монополия киргизилет. Бул жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койду. Маалыматка караганда, интернетти...
Активист Аскар Турдугулов (Оскар Райс), ошондой эле YouTube платформасынын активдүү колдонуучулары видеохостинг сайтынын администрациясына кыргызстандык авторлор үчүн видеоконтенттен акча табуу...