Бишкек ШИИБ менен УКМК кызматкерлери менен биргеликте «Притон» аталышындагы ыкчам-алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер тарабынан 50гө жакын ар кандай жайлар (сауналар, суткалык батирлер, мейманканалар жана интим кызматтарын көрсөтүү үчүн сойкуканалар) текшерилип, анда интим кызматтарын көрсөтүү менен алектенген 90го жакын кыз аныкталган.
Мындан тышкары, кызматкерлер тарабынан 60 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголгон 2 адам табылган. Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 120га жакын протокол түзүлүп, ар кандай укук бузуулар үчүн 500 миң сомго жакын айып пул салынган. Ыкчам-алдын алуу иш-чаралары уланууда.
Бүгүн, 14-июлда депутат Эльдар Сулайманов Ысык-Көлдө скутер менен баланы сүзүп кетишкенин маалымдады. "Баланы ооруканага алып кетишти. Мыйзам бар, бирок иштебейт....
7-июлунда жаран Instagram социалдык тармак аркылуу казак улутундагы аялдарга карата уятсыз сөздөр менен кайрылган видеоматериал жарыялап, анда улуттар аралык маселелер...
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...