Москва райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Ал айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү мамлекеттик фондунун жерлерин берүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын төрагасы болуу менен комиссиянын айрым мүчөлөрү жана үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларынын өкүлдөрү менен биргеликте акча каражаттарын жана башка материалдык жыргалчылыктарды мыйзамсыз алуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы жөнгө салгандыгы аныкталган. Акча каражаттарын алгандан кийин, айрым чарбалардын таламдарын алардын документтери мыйзамдарга ылайык келбегенине карабастан ыңгайлаштырып алган», — деп жазылат маалыматта.
Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде кызматтык жасалмачылык фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Жогорку билим берүү системасында коррупцияга каршы...