Полковник Куванычбек Касымов 1964-жылы 1-январда Баткен облусунун Лейлек районундагы Ак-Суу айылында туулган. УКМКда кызматын 1994-жылдын январында баштап, оперативдүү кызматкерден тартып, УКМКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн жетекчилигине чейинки жолду басып өткөн. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп жүргөндө кыргыз мамлекеттүүлүгүн коргоодо улуттук коопсуздукту камсыз кылууга зор салым кошкон. 2024-жылдын 23-декабрында президент тарабынан Кыргызстан мамлекетине жана элине сиңирген зор эмгеги үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. Ошондой эле, кызматтык милдеттерин аткарууда көрсөткөн демилгеси жана кесипкөйлүгү үчүн улуттук коопсуздук органдарынын ар кандай мекемелик сыйлыктары жана мамлекет башчысынын Ардак грамотасы менен сыйланган.
Камчыбек Ташиев Оштун мэрине убадалаган унааны берди (видео)
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 9-июлда Ош шаары жана Ош облусу боюнча жалпы жетекчилер менен болгон жыйындан соң Ош шаарынын...