Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер командасы Тажикстан курамасын 3:0 эсебинде жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) чемпионаты Душанбе шаарында өтүп жатат. Анын биринчи турунда Кыргызстан курамасы түркмөн кыздары менен тең чыккан. Натыйжада кыргыз спортчулары турнирдик таблицада 4 упай менен 1-орунга чыкты. Оюндун алгачкы 2-мүнөтүндө Ырысбек кызы гол киргизсе, 22-мүнөттө Боронбекова, ал эми Күмүшбек кызы 39-мүнөттө гол киргизди.

This is a modal window.