Жердин алдындагы жылуулукту алып үйдү жылыта турган ыкма бар. Эгер көмүргө айына 30 миң сом коросо, газга 20 миң кетсе, бул ыкмага 3000 сом коройт. Мындай сунушу менен депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 12-февралдагы жыйынында чыкты.
Анын айтымында, Бишкектеги ыш менен күрөшүү үчүн алып жаткан 50 миллион доллар насыя менен элди ушундай ыкмага өткөрүү керек. Депутат 50 миллион доллардын 32 миллионун ыкманы жайылтууга коротууну сунуштады.
«Ыш менен күрөшүүнүн бирден бир компоненти көмүр жагып жаткан үйлөрдү альтернативдүү жылытуу системасына өткөрүү. Анткени, ыштын себептеринин бири көмүр жагуу. Бул ыкманы геотермальный деп коёт. Мүмкүн болушунча БЧКнын ылдый жагындагыларга, жаңы конуштарга жайылтуу керек. Негизги ыш ошол конуштарда, ошол жакта жашагандар ууланып жатышат. Мен ыш менен күрөшүүдө ушул ыкманы сунуштайм», — деди эл өкүлү.
Марлен Маматалиев 32 миллион доллар 50 миң үйгө жетээрин айтты. Анткени, Финансы министрлигинин эсептөөсүндө ушул жылытуу системасын толугу менен 1 үйгө орнотуу 450 миң сом болот.
«Азыр ал кредитти колдоно элекпиз. Бирок баягы эле банктар аркылуу 8-10 пайыздык үстөк менен берген жатышат экен. Алардан күрөө сурашат. Эмгек министрлиги менен биргеликте такташып, кыйналып жаткандарга, керек болсо, акчасы көмүргө жетпей жаткандарды ушундай жылытуу системасына өтүүсүнө алдыңкы кезектерди берели. Насыя элге үстөксүз берилсин», — деди депутат.
Ал мындан сырткары кредиттин 5 миллион долларына Бишкек жылуулук борборуна электр фильтрин коюуну сунуштады. Ал Пензадагы цемент заводун мисал келтирип, бир да түтүн чыкпай калаарын айтты. «Ансыз Орусияда өнөр жай ишканаларына уруксат берилбейт экен. Орусиянын аймагындагы бардык завод-фабрикалар электр фильтрин коюшат дешти. Антпесе, аларда да миллиондогон унаалар бар. Бирок Орусияда бизчилеп ыш жок», — деди эл өкүлү.