Орусия менен АКШнын делегациялары Сауд Арабиянын борборунда расмий сүйлөшүүлөрдү баштады. Сүйлөшүүгө Орусия тараптан тышкы иштер министри СергейЛавров жана президенттин жардамчысы ЮрийУшаков катышууда. АКШ командасында мамлекеттик катчы МаркоРубио, ЦРУнун башчысы ЖонРэтклифф, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи МайкУолц жана атайын кабарчы СтивУиткофф кирди.
Юрий Ушаков сүйлөшүүлөргө Орусиянын түз инвестициялар фондунун башчысы КириллДмитриев кошулуп, экономикалык маселелерди талкуулашы мүмкүн экенин белгиледи.
Жолугушууну өткөрүү 12-февралда Орусия жана АКШ президенттери ВладимирПутин менен ДональдТрамптын телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин чечилген.
Буга чейин Владимир Зеленский Украинанын катыштыгысыз кабыл алынган чечимдерди тааныбай турганын айткан.
Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири Жефф Безос негиздеген Blue Origin компаниясы өзүнүн New Shepard ракетасын Батыш Техастан суборбиталдык мейкиндикке ийгиликтүү...
Казакстандык блогер, учурда 2 уулдун апасы Айжан Байзакова Ютуб каналында жолдошу менен кайненесинен маек алды. Анда блогер айым суроолорду кабыргасынан...
Иракта катуу кум бороону болуп, көптөгөн адам жабыркады. Бул тууралуу Би-Би-Си билдирди. Маалыматка караганда, 1800дөй адам дем алуусу начарлап ооруканага...