Бул «Тузу оор кесип ээлери» рубрикасы. Биз мамлекеттик Түндүк көрүстөнүндө аза кызматын көрсөтүп 25 жылдан бери иштеп келе жаткан жумушчулар менен маектештик. Алар жумушундагы ары коркунучтуу, ары таң калыштуу окуяларды айтып беришти. Кыштын суугунда муздак жерди казып иштегендердин маегин видеодон көрүңүз.
«Мен бул көрүстөнгө 2000-жылы келгем. Жумуш жок болуп, ушул жакка келип калгам. Башында көр казып баштагам. Маркумдун жакындары орунду тандап, казып бергиле дейт. Биз казабыз.
Кудай ар кимге ар кандай өлүм берет. Бирөө сасып келет дегендей. Чыдайбыз. Сасып кетсе, жакындары качып кетет да, «казгандар өзүңөр эле коюп берсеңер» дешет. Коюп беришке туура келип калат. Башында күйүп өлгөндөрдү алганда жытынан кыйналып жүрдүм. Ал учурда жакшы төлөп берчү. Акчасы үчүн көнүп кеттик.
Бир кемпир каза болуптур. Салмагы 160 килограмм экен. Эки даараткананын ортосуна жатып калып, каза болуптур. Жатканына 2 ай болуптур. Денеси оор да. Эптеп сыртка чыгардык. 6-кабаттан түшүргөнчө элестеткиле. Жыты адамга аябай зыян. Беткап тагынабыз, бирок жардамы тийбейт. Жансыз дене бош болуп калат. Кол-буттарын байлап, көтөргөнгө даярдайбыз»,- деди Кеңешбек Маматалиев.