ИИМдин дагы бир тергөөчүсү пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМК тарабынан укук коргоо органдарында коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Биринчи Май РИИБдин тергөөчүсүнө карата опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө тергөөчү өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, кылмыш ишин токтотуу үчүн Бишкек ШИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн иштеп жаткан кызматкеринен пара талап кылгандыгы аныкталды.
5-мартта ал 5 миң доллар өлчөмүндө акча алып жаткан жеринен кармалган. Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунда жолдошунун колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген блогер кармалды. Бул тууралуу...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармакта Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан...