Индиялык Лалит Патидар аттуу өспүрүм эркектер арасындагы эң түктүү беттин ээси катары Гиннесстин рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, өспүрүм өтө сейрек кездешүүчү оору болгон гипертрихоз менен жабыркайт.
Өзүнүн адаттан тыш көрүнүшүнө карабастан, Лалит сырткы келбетине кабатырланбай, өзүн толугу менен кабыл алганын айтат. Буга чейин ал көптөгөн сыноолордон өткөн: классташтары аны дароо кабыл алышкан эмес. Бирок кийинчерээк алар түктүү беттин артында кадимкидей эле адам турганын түшүнүшкөн. «Менин келбетим менен эле айырмаланбасам, кадимки эле адаммын»,- дейт ал. Ал бетиндеги түктөрдү алдырып салуу планында жок экенин айтты.
Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен беш бала каза болду. Кырсык болгон учурда ата-энеси үйдө...
Түштүк Кореяда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо оппозициядагы Демократиялык партиянын талапкери Ли Чжэ Мён жеңди. Санактарга ылайык, ага шайлоочулардын 49 пайызы...
Казакстандын Түркестан облусунун Сарыагыш районунда 3 жаштагы кыз дааратканага түшүп кетип, чарчап калган. Күбөлөр жок болгон үчүн кыз этиятсыздыктан түшүп...