Бүгүн, 14-мартта Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда каза болгон Мирлан Сражидиновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Сокулук районунун Төш-Булак айылында өттү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.
Мирлан Сражидинов 1980-жылы 4-апрелде Чүй облусунун Камышановка айылында жарык дүйнөгө келген. 13 жашында атасынан айрылып, чоң аталары байырлаган Чүй облусунун Бөрүлү айылында эр жетилди. Үч бир тууган, эжекеси жана карындашынын ортончусу.
Ал жаш кезинен баштап ат үстүндө чоңоюп, көк бөрүгө болгон кызыгуусу балалык чагында эле башталган. Мирлан Сражидиновдун көк бөрүдө профессионалдык карьерасы өлкөдөгү көк бөрүнүн башталыш жылдарына туура келет. Алгачкы оюндары 1997-жылы өзүнүн айылына таандык “Бөрүлү” командасында башталган.
Карьерасынын ийгиликтүү жылдары 2000-жылдардан башталып, “Бөрүлү” командасы республикалык турнирлерде көптөгөн ийгиликтерди багындырууга киришкен. Ошол жылдардан азыркы кезге чейин Мирлан Сражидинов курамында болгон “Бөрүлү” командасы президенттин кубогун беш ирет катары менен уткан команда катары белгилүү.
Көк бөрүдө оюндарын баалап, Көк бөрү федерациясы уюштурган Республикалык турнирлерде бир нече жолу мыкты оюнчу наамына татып, Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамынын ээси.
Мирлан Сражидинов үй-бүлөдө үлгүлүү ата болуп, эки уул, бир кызды тарбиялап келген.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 09:33тө Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган....
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы мото-скутер айдоочулары жана алардын ата-энелерине кайрылды. "Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган,...
Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү. Онкологиялык оорулардын...
Бүгүн, 6-июнда Ош шаарындагы 68 мечитте Курман айт намаздары окулду. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев борбордук "Сулайман-Тоо" мечитинде Айт намазга...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде ыйык Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты....