УКМК тарабынан массалык башаламандыкка чакырууга шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, кармалган жаран «Элге акыйкат керек», «Айта берем, кайта берем», «Кыргыз коому», «Саясат, талкуу ой пикир», «Кыргызстан аңга баратат», «Баткенди берүүсүнө каршыбыз! Баткен боюнча азыркы чек ара келишимине эл каршы!» аталышындагы WhatsApp топторунун администратору болгон. Тактап айтканда, ал аталган мессенжерде ар кандай топторду түзүп, республикадагы коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү жолу менен массалык башаламандыктарды уюштурууга чакырыктарды камтыган чагымчыл мүнөздөгү материалдарды жарыялаганы аныкталган.
«Анын 2024-жылдын 18-майына караган түнү Бишкек шаарында болгон массалык башаламандыктарды уюштурууга түздөн-түз тиешеси бар. Көрсөтүлгөн мөөнөттө WhatsApp аркылуу “Бирик кыргыз” жана “Манас атанын урпактары” топторун негиздеген, ал аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга үндөгөн чагымчыл материалдарды тараткан», — деп айтылат маалыматта.