Жума, 06.06.2025
Бишкек booked.net
+19...+38° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Ата болуудан оор озуйпа жок». Садыр Жапаровдун Аталар күнүнө карата куттуктоосу

10:32 15.03.2025
0
«Ата болуудан оор озуйпа жок». Садыр Жапаровдун Аталар күнүнө карата куттуктоосу

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-мартта кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады.

Төмөндө мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу кыргызстандыктар! Ардактуу аталар! Сиздерди өлкөбүздө алгач ирет белгиленип жаткан Аталардын күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Үй-бүлө институтун чыңдоодо атанын жоопкерчилиги жогорулаган бүгүнкү заманда Аталар күнүнүн белгилениши – учурдун талабы эле. Эң алды коомдун өнүгүшүндө аталар менен энелердин ролун жана салымын таанууга багытталган мыйзамды демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылыгымды билдирем.

Эзелтен эле элибизде атаны аскар тоого теңеп, даңктап-даңазалап келишкен. Тарбия башаты болгон эне кут төгүлгөн үй болсо, атаны ошол үйдүн түркүгү, тирөөчү, калканычы жана коргоочусу экенин таасын белгилешкен. Мына ошол сый-урмат бара-бара адат-салтка, нарк-насилге айланып, элибизде ата менен эненин орду бийик белгиленип келет. Калкыбызда Ата Мекен, Ата Журт, Ата Конуш, журт атасы деген ыйык жана бийик сөздөр, “Атанын назарын сындырба”, “Атага наалат айттырба”, “Ата сыйлаган абийир табат”, “Атанын сөзү ок…” деген накыл кептер бекеринен айтылып калбаган чыгар. Ал эми көп элдерде кездешпеген, кыргыз элине гана мүнөздүү “жети ата” түшүнүгү өзүнчө бир философия экенин эч ким тана албас.

Табиятта өмүр деген улуу дарыянын башаты атадан башталгандыктан, атага үй-бүлөнүн алдында коргоочу кудурет-күч, бардык сыноолорду жеңип чыгууга майышпас мүнөз, жаратман дем берилген. Биз аталардын коомдогу мына ушундай ролун кеңири жайылтуу менен ата болуу бактысына ээ жаш муун өкүлдөрүнүн үй-бүлө куруудагы зор жоопкерчилигин арттырабыз.

Ошону менен бирге, аска-зоодой тиреги, үй-бүлөнүн коргоочусу болгон аталарга балдарынын дагы сый-урматы артып, атанын ар бир айткан сөзүн таберик кылып көңүлүнө түйөт. Зээндүү уул-кыздарыбыз “Атанын сөзү – акылдын көзү”, “Атанын батасы – алыскы сапардын жарыгы!» деп, аталар насаатын, алардын терең сырларын аңдап-түшүнүп, бул турмушта көптөгөн ийгиликтерге жетишет.

Билгенге ата болуудан оор озуйпа жок. “Ата” деген сөздү угуунун өзү эле эмне деген сыймык жана эмне деген сыноо! Мына ушул улуу сөзгө татыктуу болуп жашоо – ар бир атанын көздөгөн мүдөөсү. “Уул-кыздарым ата тарбиясы менен эне мээримин алган адам болуп чыкса экен” деген аруу тилек, асыл максат менен жашап, эл алдындагы аталык парзын аткарууга жан үрөйт. Ошол үчүн аталар үй-бүлөсүнө кам көрүп, балдарын ыймандуу кылып тарбиялоого, татыктуу билим берүүгө жана мекенчил атуул кылып чыгарууга бүткүл күчүн жумшайт.

Ар бир үйдүн аскар тоосу кулабасын, боорундагы булагы соолубасын, жанып турган шам чырагы өчпөсүн!

Аталарды ардактап сыйлайлы, кадырман карылыкка жетишине кам көрөлү! Аталардын кадыр-баркы бийик болсун! Үй-бүлөнүн жүрөгү, Мекендин тиреги болуп, аталар кылым жашасын!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Депутат Сулаймановдун Ошко иш сапары: Көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын айтты

Депутат Сулаймановдун Ошко иш сапары: Көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын айтты

Автор Эдита Ильясова
16:53 05.06.2025
0

Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Сулайманов Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында «Сулайман-Тоо» муниципалдык аймактык башкармалыгынын активисттери жана жергиликтүү тургундары менен...

Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

Автор Эдита Ильясова
16:26 05.06.2025
0

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев өзүнүн эмгек жамааты менен биргеликте оор...

АКШга кирүүгө тыюу салынган 12 өлкөнүн тизмеси жарыяланды

АКШга кирүүгө тыюу салынган 12 өлкөнүн тизмеси жарыяланды

Автор Эдита Ильясова
16:17 05.06.2025
0

АКШ президенти Дональд Трамп Азиянын, Африканын жана Латын Америкасынын 12 өлкөсүнүн жарандарына 9-июндан тартып Кошмо Штаттардын аймагына кирүүгө тыюу салган...

Жогорку Кеңештин төрагасы дарыгерлердин айлыгы качан жогорулай турганын айтты

Жогорку Кеңештин төрагасы дарыгерлердин айлыгы качан жогорулай турганын айтты

Автор Эдита Ильясова
15:41 05.06.2025
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Ала-Бука районунда жайгашкан авариялык абалдагы медициналык жайлардын абалы менен таанышты. “Дени сак улут –...

Табылды Муратбеков Жогорку Кеңешке депутат болду

Табылды Муратбеков Жогорку Кеңешке депутат болду

Автор Эдита Ильясова
15:17 05.06.2025
0

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алды. Муратбеков...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

16:26 05.06.2025
Кичинекей Аслан Золгенсма уколун алды (видео)

Кичинекей Аслан Золгенсма уколун алды (видео)

14:35 05.06.2025
«Ата-энеси жумушта болгон». Казакстанда бир үй-бүлөдөгү 5 бала каза болду

"Ата-энеси жумушта болгон". Казакстанда бир үй-бүлөдөгү 5 бала каза болду

10:27 05.06.2025
Депутат Сулаймановдун Ошко иш сапары: Көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын айтты

Депутат Сулаймановдун Ошко иш сапары: Көйгөйлөрдү жеке көзөмөлүнө аларын айтты

16:53 05.06.2025
Бишкектеги үйлөрдүн биринде аялдарга жашыруун сабак өткөндөр кармалды

Бишкектеги үйлөрдүн биринде аялдарга жашыруун сабак өткөндөр кармалды

16:51 05.06.2025
Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

Чүйдө психикалык жактан ооруган апасын багып, үй салган 14 жаштагы кызга жардам көрсөтүлдү

16:26 05.06.2025

АРХИВ

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
« Май    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү