Бишкекте дагы эки бөбөк көп кабаттуу үйдөн кулап, каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 16-мартта Үмөталиев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан болжол менен 4-5 жаштагы 2 бала кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Милициядан экөө тең кырсык болгон жерде каза болгонун билдирди. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.
Бүгүн 7-кичи райондо 6-кабаттан 6 жаштагы кыз кулап, ооруканада көз жумган.
Кун жылыды деп терезелерди ачык калтырып коюшкан го,балдарга конул бурбай телефон менен алаксып отурса керек да,алдыраарда жазлыраар болуп,ата-энесине сабыр тилейм,ото оор жоготуу болуптур!!!