Гондурастын батышындагы Роатан аралындагы аэродромдон учкандан көп узабай деңизге кулап түшкөн учактын кесепетинен кеминде 12 киши набыт болду. Мурда 6 адам каза болгону айтылган.
«Роатан аралында кыйраган учактын кесепетинен 12 адам каза болуп, бешөө аман калды», — деп билдирди Гондурастын улуттук полициясы. Куткаруучулар борттогу дагы бир адамды издеп жатышканы белгиленген.
Lanhsa Airlines компаниясына таандык учак дүйшөмбү күнү кечинде Роатан аралындагы Хуан Мануэль Гальвес аэропортунан учуп чыккандан кийин деңизге кулап түшкөн. Республиканын полициясынын маалыматы боюнча, кырсык 33 жүргүнчүнү ташууга ылайыкталган Jetstream 41 учагы учуп баратканда механикалык мүчүлүштүккө учураганда болгон. Учак конуу тилкесинен 1 чакырымдай алыстыкта деңизге кулап түшкөнүн tass.ru билдирди.
Орусияда транспорт министри кызматынан бошотулган Роман Старовойт өз жанын кыйды деп билдирет Tengrinews.kz. Орус медиасынын жана Telegram-каналдарынын алдын ала маалыматына...
Казакстандын Павлодар шаарында аял автобустун 19 жаштагы жүргүнчүсүнө кол көтөргөн. Видеодо анын чачынан кармап, уруп жатканын көрүүгө болот. Мунун баары...
Индияда бурчу 90 градус болгон көпүрө курулуп, аны колдонууга берилген. Аталган көпүрө үчүн бардык инженерлер иштен бошотулуп, курулуш компаниясы кара...