Шейшемби, 05.08.2025
Бишкек booked.net
+19...+32° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Садыр Жапаров 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн артыкчылыктарын айтты

12:26 21.03.2025
0
Садыр Жапаров 12 жылдык билим берүүгө өтүүнүн артыкчылыктарын айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 21-мартта Ош шаарынын борбордук аянтында Нооруз майрамына катышты. Иш-чара “Жаңы Кыргызстан” тасмасын көрсөтүү менен башталып, андан соң майрамдын мааниси, табият менен адамдын ортосундагы шайкештиктин маанилүүлүгү, ошондой эле жаңылануу жана кайра жаралуу жөнүндө театралдаштырылган оюн-зоок коюлду.

“Жаздагы аракет – күздөгү берекет” деген накыл кеп бар элибизде. Мурда мамлекетте өнүгүү, жарандардын ийгилиги, өзүн такшалтуусу билим, илимге гана негизделери кагаз жүзүндө гана айтылып келсе, эми аны турмушка ашыруу биздин башкы максатыбыз болуп турат. Мындан улам, азыр коомубузда сөз болуп аткан 12 жылдык билим берүүнүн артыкчылыктарына учкай токтоло кетейин.

Артка кылчайып, тарыхка көз чаптырсак, 3 жылдык, 8 жылдык, 10 жылдык жана 11 жылдык билим берүү системаларын башыбыздан өткөргөнбүз. Азыр болсо дүйнө тынымсыз, күн сайын өзгөрүү жолунда. Дүйнө жүзүндө өнүккөн 150дөн ашуун өлкөдө заман талабына ылайык, 12 жылдык билим берүү системасы аркылуу окутуунун мазмуну, билим берүүнүн ыкмалары өзгөрдү. Мурдагыдай түшүнсө-түшүнбөсө дагы эрежелерди жаттоону таштап, алып жаткан билиминин турмушта пайдаланууга, кесипке эрте багыт берүүгө басым жасалууда. Дагы бир топ өзгөчөлүктөрү менен 12 жылдык окуу системасы алгылыктуу деп табылып, ийгиликтерди жаратууда. Мындай шартта биз дүйнө баскан жолго багыт алышыбыз керек керек деп эсептейм. Алгач анын күнгөй-тескейлерин талкуулап, максат-милдеттерин аныктап алдык, тиешелүү жоболору бекитилди. Ошентип биз дүйнө агымынан калбоого далалат кылып жатабыз. Ансыз деле технологиялык жактан 100 жыл артта калдык.

Көйгөй жарата турган маселелерин четинен чечип келатабыз, бул иштерди да ыкчамдатабыз. Биз билим берүү тармагына материалдык, моралдык-идеологиялык колдоо канча керек болсо, ошончо колдошубуз зарыл. Анткени билим андан алда канча ашык ийгиликтерге жеткирерин баарыбыз билебиз. Билим берүүнү жолго коймоюнча, башка тармактардын ыкчамдап өнүгүшү кыйын деп так кесе айта алам! Алдыбызда артыкчылык берилген билим берүү системасын жолго коюудан сырткары, бир топ максаттарыбыз бар. Жаратылыштын жандануусу аркылуу жазда башталган айыл чарба иштери менен кошо өлкөбүздү өнүктүрүү жаатында башка иш-мерчемдерибиз дагы арбын», — деди өлкө башчысы.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ошто каналга агып бара жаткан баланы куткарып калышты. Видео

Ошто каналга агып бара жаткан баланы куткарып калышты. Видео

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:23 04.08.2025
0

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окурман Ошто каналга агып бара жаткан куткарып калышкан видеону жөнөттү. Окурмандын маалыматына ылайык, 29-июль күнү Ош...

5-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:07 04.08.2025
0

Кыргызгидрометтин билдиришинче, түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Талас, Баткен, Нарын облустарында...

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырылды

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:42 04.08.2025
0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процессин сезилээрлик деңгээлде жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган “Өкмөттүн акселераторлору” программасынын алкагында жаңы чакырык башталганын...

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:30 04.08.2025
0

Бишкек шаарында 5-августта жолду капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Б.Юнусалиев көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин  көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат....

«Каяктан мынча дүнүйө?». Мэр Токторбаев прокурордун үйүнө барды

«Каяктан мынча дүнүйө?». Мэр Токторбаев прокурордун үйүнө барды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:53 04.08.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 4-августта таңкы рейд учурунда прокуратура кызматкеринин үйүнө кирген. Короодо кымбат унаалардын турганын көрүүгө болот....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
«Каяктан мынча дүнүйө?». Мэр Токторбаев прокурордун үйүнө барды

"Каяктан мынча дүнүйө?". Мэр Токторбаев прокурордун үйүнө барды

13:53 04.08.2025
Ырчы Айыма Айылчиеванын кыз узатуу тою өттү

Ырчы Айыма Айылчиеванын кыз узатуу тою өттү

08:53 04.08.2025
670 килограмм героинди ташуу үчүн издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды

670 килограмм героинди ташуу үчүн издөөдө жүргөн баңгизат сатуучу кармалды

12:02 04.08.2025
Ошто каналга агып бара жаткан баланы куткарып калышты. Видео

Ошто каналга агып бара жаткан баланы куткарып калышты. Видео

18:23 04.08.2025
5-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

5-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:07 04.08.2025
Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырылды

Айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу процедурасын жөнөкөйлөтүү тапшырылды

14:42 04.08.2025

АРХИВ

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
« Июл    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү