22-мартта милицияга Ак-Ордо конушунда белгисиз адам мамлекеттик тууга таштанды ороп, таштап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 1982-жылы туулган жаран такталып, ал Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилген. Териштирүүнүн жүрүшүндө, бул жарандын психикалык көйгөйлөрү бар экендиги аныкталган. Бул тууралуу тиешелүү медициналык документтерди анын атасы, 1962-жылы туулган жаран тастыктаган.
Укук Бузуулар жөнүндө кодексинин 450-беренесине (Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорун мазактоо) ылайык мыйзамдуу өкүлүнө карата протокол түзүлүп, 100 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салынды.
УКМК тарабынан ички иштер органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ош ШИИБдин тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын...
УКМК тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө,...
Биздин бул жолку каарманыбыз эки баласын жалгыз баккан 27 жаштагы ата. “Жубайымдын ичи катып, заңдай албай, дарыгерлерге кайрылдык. Ооруканада анын ичегисин...
УКМК Жогорку окуу жайларындагы коррупцияга каршы иш-чараларды ишке ашыруунун алкагында Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) окуу ишмердигинде аныкталган...
Жети-Өгүз районунда мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча жана күрөш залы мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган...