Төмөнкү-Чүй айылында жол кырсыгы катталып, 11-класстын окуучусу көз жумду. Маалыматты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Mercedes-Benz менен Chevrolet Aveo үлгүлөрүндөгү унаалар сүзүшкөн.
«25-мартта саат 13:03 чамасында Сокулук РИИБге Төмөнкү-Чүй айылынын Фрунзе көчөсүндө жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Аталган айылдын 2007-жылы туулган тургуну Mercedes-Benz унаасын катуу ылдамдыкта айдап бара жатып, каршы тилкеге чыгып кетип, Chevrolet Aveo унаасын сүзгөн.
Chevrolet Aveo унаасынын ичиндеги 3 жүргүнчү Сокулуктагы ооруканага жеткирилген. Ал эми Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу травматология бөлүмүнө жаткырылган. Жүргүнчү катары келе жаткан 2008-жылы туулган жаран ооруканага жетпей каза болгон», — деп айтылат маалыматта.
Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Чолпон-Ата шаарындагы №44 мекеменин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Министрлер кабинетине караштуу...
Панфилов сейил багындагы окуя боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 31-март күнү Биринчи Май районунун аймагында жайгашкан...
31-март күнү Лейлек районунун Сумбула айыл аймагына караштуу Андарак айылындагы Актам жайлоосунда Андарак айылынын тургуну мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен...
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкекте үч киши бирөөнү сабап, бычактаган видео тараган. Окуя боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти. 31-март күнү...
Милициянын кайгуул кызматы жол тескөөчүнү муунтуп, колун көрсөткөн айдоочу менен жүргүнчүнүн видеосун жарыялаган. Буга чейин социалдык тармактарда милиция кызматкерлери айдоочуну...