Азамат Жамангулов Санариптик өнүгүү жана инновациялар технологиялары министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Азамат Жамангуловдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин кароосуна Санариптик өнүгүү жана инновациялык технологиялар министри кызматына дайындоо үчүн сунушталды.