Бишкек мэриясы иштеп жаткан аттракциондон кулаган 19 жаштагы кыз боюнча маалымат берди.
Маалыматка караганда, аттракцион иштеп жаткан маалда эки коопсуздук куру үзүлүп кеткен.
Муниципалитет учурда иликтөө башталып, техникалык текшерүү жүрүп жатканын айтты. Буга чейин парктын администрациясы менен бир нече жолу аттракциондордун баарын тийиштүү коопсуз абалга келтирүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгү белгиленди. Парктын администрациясы аттракциондордун баары тиешелүү абалда экенин, инструкторлор аны иштетүүнүн алдында кардарларды текшерип чыгарын билдирди.
Ошондой эле парктын администрациясы аттракционду иштетер алдында кызга бутун темирден чыгарбоону бир нече ирет эскерткенин, бирок ал аны аткарбаганын айтты. Администрация коопсуздук курларынын үзүлүп кетишинин себептеринин бири ушул болушу мүмкүн экенин болжолдоду. Парк жабырлануучунун бардык чыгымын көтөрөрүн билдирди.
Кечээ, 1-августта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев борбор калаадагы Ынтымак жана Мурас турак жай комплекстериндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып...
Кечээ, 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок 2 айылындагы Четинди жайлоосунда 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаран аттан кулап,...
2-августка караган түнү айрым жерлерде Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын...
Бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туз көл — Өрдөк учар участкасында жаратылышты коргоо максатында жейрендерди жапайы жаратылышка коё...
Бүгүн, 1-август күнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 100 жылдык салтанаттуу мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленди....