Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Чолпон-Ата шаарындагы №44 мекеменин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Чолпон-Ата шаарындагы №44 түзөтүү мекеменин башчысы кармалды. Ал бир нече жылдан бери өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, «жатак-абактарда жаза өтөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» нускаманы бузуу менен, соттолгон адамдардын эмгегин өзүнүн тиричилик маселелерин чечүү үчүн мыйзамсыз пайдаланганы аныкталган. Мындан тышкары, 2022-жылдын февралында соттолгон адамдардын биринин өлүмүн жашыруу максатында ал жана мекеменин башка кызматкерлери тарабынан расмий документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү фактысы такталган.
Кармалган адамга карата чогултулган далилдердин негизинде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча айып тагылып, ага карата камакка алуу чарасы тандалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...