Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө ижарага алынган үйдө жашап, коюмдарды (ставкаларды) кабыл алган «Покер» онлайн-казиносун уюштурган башка өлкөнүн жарандарынын тобу кармалды. Тинтүү жүргүзүүдө күчтүү заманбап техникалык түзүлүштөрү менен жабдылган жабдуулар: системалык блоктор, спутниктик антенналар, электр менен жабдуу блогу, роутерлер алынган. Ошондой эле 23 мобилдик аппарат, ноутбук жана планшеттер алынган. Учурда аталган топтогу адамдардын аракеттеринен Кыргыз жарандарына келтирилген материалдык зыянды аныктоого багытталган тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.