Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына ылайык, 3-майда Геленджик шаарында курулуш жүрүп жаткан аянттардын биринде топурак көчкөн. Бул тууралуу «Спутник» жазды.
“Кырсыктан улам И.А.С., Э.у.Э. жана Д.Е.А. аттуу Кыргыз жарандары топурактын алдында калган. Аларды издөө иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, С.К.О. аттуу жаран оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген”, — деп жазылат маалыматта.
Орусиянын тийиштүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, элчилик алар менен байланышта экени кошумчаланды.
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...