Жекшемби, 13.07.2025
Бишкек booked.net
+20...+37° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

«Мал кайтарып отурасыңарбы?». Интернетке тараган видео боюнча министрлик жооп берди

09:53 05.05.2025
1
«Мал кайтарып отурасыңарбы?». Интернетке тараган видео боюнча министрлик жооп берди

Буга чейин социалдык тармактарда «дарыгерлер балама биринчи жардам көрсөтө албай жатышат» деген эненин видеосу тараган.  Анда эне баласын ооруканага алып келгенин, ооруканадагы дарыгерлер биринчи жардам да көрсөтө албай жатканын айтып, дарыгерлерди урушуп жатканын көрүүгө болот. Ал ошондой эле дарыгерлерди уйкусу ачылбайт деп айыптап, «Бул жерде эшек такалап отурасыңарбы же мал кайтарып отурасыңарбы?» деп жатканын угууга болот. Бул боюнча Саламаттыкты сактоо министрлиги жооп берди.

«1-май күнү таңга маал эне 17 жаштагы уулун такси менен Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык тез жардам ооруканасына алып барган. Кезметте турган дарыгерлер бейтапты кабыл алуу бөлүмүндө дароо кароодон өткөрүшкөн. Бейтаптын дем алуусу жана жүрөк согушу туруктуу болгону, бирок аң-сезиминде жай реакция (заторможенность) байкалганы белгиленген. Баланын абалына жараша ал дароо «Амбулатордук диагностика бөлүмүндөгү» шашылыш жардам кабинетине жеткирилип, кандын басымы жана кычкылтек деңгээли үчүн мониторлорго туташтырылган.

Ал учурда ооруканада бейтаптар көп болуп, медицина кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп жатышкан. Бирок баланын энеси өз эмоциясын кармай албай, катуу үн чыгарып нааразычылык билдирип, медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратып, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтө баштаган. Ал негизсиз түрдө дарыгерлерди уктап жатышат деп айыптап, видеого тартып, ооруканада каталка жок деп билдирген. Бирок медперсоналдын айтымында, ооруканада бир нече каталка жана носилка дайыма жеткиликтүү болгон жана бала алар менен алынып келмек. Бирок эненин агрессиясынан улам дарыгерлер өзүн жоготуп коюп, носилканы унутуп калышкан жана баланы кол менен көтөрүп барып, реанимацияга жеткиришкен.

Ошол маалда реанимация бөлүмүндө башка оор абалдагы бейтаптар болгондугуна карабай, реаниматолог дарыгер баланын энесинин кыйкырыгына, кемсинтүүсүнө жана видеого тартуусуна карабай, ыкчам медициналык жардам көрсөткөн. Бир нече адистин катышуусунда балага текшерүү жүргүзүлүп, тийиштүү дарылоо берилген. Алгачкы кароонун негизинде баланын абалы реанимацияда кармоону талап кылбаганы аныкталган. Ага кусууга каршы дары сайылып, хирургиялык патология четтетилген.

Абалы турукташкандан кийин бала рентген текшерүүдөн өтүп, андан кийин кайрадан кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмүнө жаткырылып, дарылоо ошол жакта уланган. Бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланган. Ошого карабастан, эне кыска мөөнөттүү дарылоо бөлүмүндө да чыр-чатактуу жүрүм-турумун улантып, коридордо катуу сүйлөп, медицина кызматкерлеринин кадыр-баркын кемсинткен жана алардын аброюна шек келтирген.

Балага “ашказандын функционалдык бузулушу” деген диагноз коюлган – бул убактылуу абал болуп, кусуу, ашказанда оордук же оорутуу менен коштолот. Мындай абал көбүнчө стресс, туура эмес тамактануу же инфекциялардан кийин пайда болот. Кийинчерээк эне уулуна энергетикалык суусундук алып келип берген. Саат 10:00 чамасында ооруканага түшкөндөн беш саат өткөн соң, бейтап врачтар тарабынан кайрадан текшерилип, абалы турукташканына байланыштуу эненин каалоосу менен үйүнө чыгарылган. Бул убакыт аралыгында бала ооруканада тыкыр медициналык көзөмөлдө болгон.

Бул окуя боюнча дарыгерлер укук коргоо органдарына кайрылды. Тийиштүү органдарга өткөрүп берүү үчүн видеодалилдер бар. Оорукананын жетекчилиги медицина кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо максатында мамлекеттик органдарга кайрылууга аргасыз болду», — деп айтылат маалыматта.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Ош шаарында жүздөй энеге орден, медаль тапшырылды (видео)

Автор Эдита Ильясова
10:59 12.07.2025
0

Ош шаарында президент Садыр Жапаров тарабынан ыйгарылган 54 “Баатыр эне” ордени жана 44 “Эне даңкы” медалын тапшыруу аземи өттү. Бул...

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Милиция акча катып, элди издеткен блогерге түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Автор Эдита Ильясова
10:51 12.07.2025
0

7-июль күнү социалдык тармактарга мониторинг жүргүзүү учурунда, “Тапсан сеники” Инстаграм баракчасынын активдүү колдонуучусу, жарандар шаар ичинде катылган баалуу буюмдарды издеп...

«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

«Көз айнек тагынып, курсагыңды сылап коюп жүрө бер!» Ош мэри рейдде

Автор Эдита Ильясова
21:41 11.07.2025
0

Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош көчөсүндө жайгашкан №24 Фрунзе мектебинин соода түйүндөрдөн бошотулган аймагын бөлүп берүү жана айланасын тосмо...

Бишкекте дагы 225 ипотекалык батир ээсине тапшырылды (видео)

Бишкекте дагы 225 ипотекалык батир ээсине тапшырылды (видео)

Автор Эдита Ильясова
15:07 11.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 10-июлда Бишкек шаарындагы Калый Молдобасанов көчөсүндө Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулган жаңы турак жай комплексиндеги батирлердин...

Чөп менен кошо таңгакталып калган эчкемердин сүрөтү тарады

Чөп менен кошо таңгакталып калган эчкемердин сүрөтү тарады

Автор Эдита Ильясова
14:53 11.07.2025
0

Аймактарда чөптүн сезону кызуу жүрүп жатса керек, таңгакка эчкемер да кошулуп кеткен. Соцтармакта сүрөт Шамалды-Сайда тартылганын жазышууда. Жаныбардын аман калган-калбаганы...

Комментарийлер 1

  1. Сара says:
    2 месяца ago

    Бул жерде эмне болгонун коргон жокмунго бирок мен балдарым ооруп калса коркуп кетип сразу больницага алып барам озум да ден соолугума байланыштуу коп бардым ото копол мамиле кылышат жалалабадагы психотерапевтке баргам кайра оорукчан кылып жаман болдум скорый чакыралабы деп коёт дагы. Бишкекте 3 балдар ооруканасына приёмныйга ыраазы болдум ото сонун карады.

    Ответить

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

19:58 12.07.2025

Бишкектеги Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти

17:42 12.07.2025
Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

Индияда 25 жаштагы кызды өз атасы атып салды

19:58 12.07.2025

Бишкектеги Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти

17:42 12.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коенкозова, 75.

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү