Испаниянын Овьедо шаарында полиция германиялык философту жана анын жубайын камакка алды. Алар балдарын коронавирустан коргоо максатында төрт жыл үйдө кармашкан.
Полиция эшикти ачканда, беткапчан балдар чуркап чыгып, өсүп турган чөптү кармашкан.
Балдардын атасы аралыктан иштеген. Ал эми балдары мектепке барган эмес жана интернетке да киришкен эмес. Бир туугандар сүрөт тартуу менен гана алек болушкан. Азык-түлүктү буйрутма менен алдырып турушкан.
Балдар реабилитациялоо үчүн социалдык кызматтарга жана дарыгерлерге өткөрүп берилди. «Алардын ата-энелерине кылмыш иши козголду»,- деп жазат La Nueva Espana.