Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылындагы мыйзамдарды бузуу менен жеке менчикке өтүп кетип, учурда иштеп жаткан «Арак-Коньяк Заводун» мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«1997-жылы аталган айыл аймагынын тургундарынын элдик жыйынынын протоколдук чечими менен «Төрт-Гүл» ЖЧКсы түзүлүп, арак-шарап чыгаруучу ишкана жеке менчикке өткөрүлгөн. Андан ары 2006-жылы Төрт-Гүл айыл аймагынын №07/30 токтомуна ылайык, «Арак-Шарап Заводунун» жалпы аянты 2,89 га болгон аймагы, чет элдик катыштуулугу бар жеке фирмага бир кыйла арзан баага сатылып кеткен.
УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында, аталган «Арак-Шарап Заводунун» уюштуруучулары жана директору ыктыярдуу негизде заводдун мүлкүн жана жер тилкесин толугу менен Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.
Бишкектин Эркиндик проспектисинде 28 көчөттү сындырып кетишти. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. Факты боюнча “Дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу”...
Бишкектеги Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан музыкалык мектеп-интернатынан чыккан өрт саат 13:22де өчүрүлдү. Өрттүн аянты болжолдуу 1000 чарчы метрди түздү. Бул тууралуу...
Бүгүн, 10-июлда Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын чатырынан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Өрттү өчүрүүгө саат...
Таласта алдамчылыкка шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, милицияга 36 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 27-апрель күнү саат...