Баткен облусунда Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
28-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө бодо малдарды аткезчилер менен бирге жеке өзү коштоп Тажикстан Республикасына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган учурда Баткен облусунун Лейлек районунун Интернационал айылында Коргоо министрлигинин «Мурас» аскер бөлүгүнүн аскер кызматкери кармалды.
Материалдар мындан аркы укуктук баа берүү үчүн Аскер прокуратурасына өткөрүп берилди.
Чүйдө аял уулу тарабынан сабалып, ооруканага түштү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 8-июлда Чүй ОИИБге Токмок аймактык ооруканасынан...
Ысык-Көлдө 64 жаштагы жаранды өлтүрүүгө шектүү катары 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 3-июль күнү Балыкчы...
Кечээ, 8-июлда соцтармактарда «Чүйдө жол кырсык катталып, скутер айдоочунун колу-буту жулунуп кетти» деген видео тараган. Чүй облусунун жол коопсуздугун камсыздоо...
Милиция кызматкерине пара сунуштаган блогер кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти. 22-июнь күнү милицияга жаран арыз менен кайрылган, анда социалдык...