Ленин РИИБдин кызматкерлери тарабынан адам уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
12-май күнү саат 23:30 чамасында «102» кызматына ошол эле күнү болжол менен саат 15:40 чамасында аялды жумуш ордунан күйөөсү кызганычтан улам күч менен алып кеткендиги жана жабырлануучунун кайда экени белгисиз экендиги тууралуу билдирүү түшкөн.
Бул факты боюнча Ленин РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, Ленин РИИБдин кызматкерлери 1984-жылы туулган шектүүнү кармады. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Милиция тараткан видеодон аялдын бети, чачы кескиленгенин көрүүгө болот.
25-июль күнү саат 21:47 чамасында Токмок аймагында Балыкчы-Бишкек багыты боюнча жүрүп бараткан жүргүнчү поезддин бир нече вагонун белгисиз адамдар таш...
Акыйкатчы институту Балыкчы шаарында 14 жаштагы окуучунун өлүмү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге башынан эле мониторинг жүргүзүп келет. Бул тууралуу Акыйкатчы...
Ош шаарында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Ош ШИИБдин Патрулдук милициясынын инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 5-июль...
Саламаттыкты сактоо министрлиги 2025-жылдын акыркы эки айында Бишкек жана Ош шаарларындагы жеке медициналык уюмдарды кеңири масштабда текшерүү иштерин жүргүздү. Жалпы...