Бүгүн күнгө жекшемби, 21-март. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгына элдин нааразы болуп чыкканына 5 жарым ай, Садыр Жапаровдун президент болуп шайланганына 2 жарым ай болду. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого жана ошол эле күнгө дайындалган жаңы Конституция боюнча референдумга 3 апта калды. “Аптага серептин” бул чыгарылышында чек ара боюнча такташуу маселелери, жаңы Баш мыйзамды сынга алган жарандык активисттердин кармалуусу тууралуу саресеп салууну туура көрдүк.
Орозайым Нарматова турмушка чыкты | Үлпөт тойдон репортаж
Саясатчы, экс-депутат Орозайым Нарматова турмушка чыгып, жолдошу менен баш кошкон үйлөнүү үлпөт тою Бишкектеги тойканалардын биринде өттү. Толугу менен репортаждан...