Жогорку Кеңеште бир жигит бар, чындык, адилеттүүлүк үчүн чыркырап күрөшкөн. Ал тайманбай түз айтат. Мыйзамдардын бузулушуна «макул» деп карап отурбайт. «Кнопка баскыч» атка коно элек. Ал — тээ тоо койнунан, Алайдан келип Ак үйдү будуң-чаң түшүргөн депутат Жанар Акаев. SUPER TV телеканалы «БЕЙНЕ» берүүсүндө дал ушул тоолук жигиттин басып өткөн жолуна көз салып көрдү. Сиз да күбө болуңуз, урматтуу көрарман.
«Балдарым апасындай болуп иттин этин жешин каалабайм» | Ар кимге жалданып иштеген үй-бүлө
Биздин бул жолку каармандарыбыз үч кыздын ата-энеси Мунара Тиларова жана Турсунбай Пуматов. «Балачагымдан эле көрүнгөн адамга жалданып иштеп келем. Акымды...