19 жаштагы Ырыскелди Табышбек уулу 5-октябрдагы башаламандыкта Ала-Тоо аянтында жамгырдай жааган желим октор, ар тарапта жарылган жардыргыч заттардын арасында жүрүп ал күндөгү апаатты өз көзү менен көргөн. Ошол чууда каарманыбыз жардыргычка колун алдырып алган. Тилекке каршы анын колун сактап калууга мүмкүн болгон эмес. SUPER TV ооруканада дарыланып жаткан Табышбек уулунан кабар алып кайтты. Жардам берүүнү каалагандар үчүн байланыш номер: 0707 03 61 45 (ЭлСОМ)
«Балдарым апасындай болуп иттин этин жешин каалабайм» | Ар кимге жалданып иштеген үй-бүлө
Биздин бул жолку каармандарыбыз үч кыздын ата-энеси Мунара Тиларова жана Турсунбай Пуматов. «Балачагымдан эле көрүнгөн адамга жалданып иштеп келем. Акымды...