Эже-сиңди Шевченколор бир турнирде беттешке чыгышат. Тагыраагы UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко менен анын бир тууган эжеси Антонина Шевченко 21-ноябрда АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турчу UFC 255 турниринде беттешке чыгат. Анда Валентина Шевченко 32 жаштагы бразилиялык мушкер Женнифер Майя менен чемпиондук кур үчүн беттешсе, ушул эле турнирде Валентина Шевченконун бир тууган эжеси Антонина Шевченко бразилиялык 26 жаштагы Ариана Липски аттуу мушкер айым менен беттешет.
Бишкекте 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлөт
Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек...