Бишкек-Новосибирск жана Ош-Новосибирск аба каттамдары такай ишке киришет. Бул тууралуу Орусиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчилигинен кабарлашты. Маалым болгондой, каттамдар S7 авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылат. Учак Бишкектен жума, ал эми Оштон бейшемби күндөрү учат. Кыргыз жарандары Орусиянын аймагына кирүүгө 3 күн калганга чейин сөзсүз түрдө COVID-19 илдетине ПЦР-тест тапшыруусу керек.
Бишкекте 21-апрелден 31-майга чейин ысык суу өчүрүлөт
Бишкек шаарында 21-апрелден 31-майга чейин профилактикалык жана оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу ысык суу өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек...