Венадагы атышуудадан жабыр тарткандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалым болгондой, 2-ноябрда кечке жуук бир канча куралчан адам Австриянын борбору Вена шаарынын алты бөлүгүндө ок атып, бир нече ресторанга кол салышкан. Натыйжада 4 адам каза болуп, 17 адам түрдүү жаракат алган. Алардын арасында 7 полиция кызматкери бар. Кол салгандардын бири өлтүрүлүп, калганы качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Австриянын канцлери Себастьян Курц бул окуяны теракт деп баалады.
Ботаникалык бак боюнча мэрия үн катты
Бишкек шаарында жайгашкан Гареев атындагы Ботаникалык бактын абалы тууралуу социалдык тармактарда жүрүп жаткан талкууларга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү расмий...