Жекшемби, 27.07.2025
Бишкек booked.net
+23...+35° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Кытай Кыргызстанга 1 миллион доза вакцина менен 100 миллион доллар бөлүүгө даяр

20:07 16.09.2021
0
Кытай Кыргызстанга 1 миллион доза вакцина менен 100 миллион доллар бөлүүгө даяр

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван Ини кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Президент акыркы бир нече жылда, анын ичинде пандемияга карабай, Кытай Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана товар айлантууда алдыңкы орундардын бирин ээлеп келе жатканын белгиледи. Садыр Жапаров билдиргендей, Кыргызстан Кытайды негизги соода инвестициялык өнөктөштөрдүн бири катары карайт жана өз ара сооданы өнүктүрүүгө, өз ара кызыкчылык туудурган, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар. Ал учурда өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча активдүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады. Аны менен бирге соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле жогорку стратегиялык мамилелерди колдоо максатында, кыргыз тарап эки өлкө ортосундагы дайымкы аба каттамдарын жандантууну маанилүү деп эсептейт.

Өз кезегинде Кытайдын мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И Садыр Жапаровго жана кыргыз элине КЭР төрагасы Си Цзинпиндин жылуу саламын жана кайрылуусун жолдоду. Ал Кыргызстан менен ынак коңшулаштык мамилени чыңдоого кызыкдар экенин билдирип, өлкөгө стабилдүүлүк жана туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүү каалады. КЭР мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Кытай өкмөтү өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө колдоо иретинде Кыргызстанга 650 миллион юань (100 миллион доллар тегерегинде) бөлүүгө даярдыгын белгиледи. Ошондой эле Ван И КЭР өкмөтү коронавирустук инфекцияга каршы кытайлык вакцинанын кошумча партиясын (1 миллион доза) жана медициналык каражаттарды берүү чечимин кабыл алганын билдирди. Мамлекеттик кеңештин мүчөсү кытай тараптын автоунаа жолдорун куруу жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуусун билдирди. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаровдун эпидемиологиялык кырдаалдын турукташуусу менен эки өлкө ортосундагы аба каттамдарын жандантуу зарылдыгы туурасында пикирин колдоду.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри кызмат ордунан бошотулду

Канболот Тутуев Нарын шаарынын мэри кызмат ордунан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:21 26.07.2025
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Конституциянын 71-беренеси жетекчиликке алынып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары...

Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, Алмамбет Шыкмаматов төрага болуп дайындалды

Салык кызматы Финансы министрлигинин курамынан чыгарылып, Алмамбет Шыкмаматов төрага болуп дайындалды

Автор Эдита Ильясова
15:41 22.07.2025
0

Бүгүн, 22-июлда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамаатына төрага Алмамбет Шыкмаматовду тааныштырды....

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Монголиянын президентинин Бишкекке келиши: 13 документке кол коюлду

Автор Эдита Ильясова
15:28 21.07.2025
0

Бишкекте 21-июлда Кыргызстандын жана Монголиянын президенттери Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билим берүү, илим жана айыл...

Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Садыр Жапаров менен Монголиянын президентинин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Автор Эдита Ильясова
11:20 21.07.2025
0

Бүгүн, 21-июлда Бишкек шаарында Садыр Жапаровдун жана өлкөгө мамлекеттик сапары менен келген Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун расмий жолугушуу аземи болуп...

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Монголиянын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди (видео)

Автор Эдита Ильясова
09:32 21.07.2025
0

Кечээ, 20-июлда Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти. "Манас" эл аралык аэропортунда...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кыргыз эл артисти Токтобек Сатаров 77 жашында дүйнөдөн кайтты

Кыргыз эл артисти Токтобек Сатаров 77 жашында дүйнөдөн кайтты

20:37 26.07.2025
Кыргыз эл артисти Токтобек Сатаров 77 жашында дүйнөдөн кайтты

Кыргыз эл артисти Токтобек Сатаров 77 жашында дүйнөдөн кайтты

20:37 26.07.2025

АРХИВ

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
« Июн    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү