Мындан эки күн мурда Москва шаарындагы Ореховый бульварында Кыргыз жараны октон жараат алгандыгы тууралуу маалымат жарыяланган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
«3-октябрда «02» кызматына Кыргыз Республикасынын жаранына ок тийгендиги тууралуу билдирүү түшкөн. Бирок октон жараат алгандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Алынган маалыматка ылайык, майрам учурунда оозеки чыр чыгып, ал мушташка айланып, анын кесепетинен 30 жаштагы Кыргыз жараны бычакталган. Жабырлануучу Тез жардам кызматы менен ооруканага көкүрөк жаракаты менен жаткырылган. Учурда Орусия Федерациясынын укук коргоо органдары бул фактыны иликтеп жатышат. Кылмышка шектүү адам кармалды, тергөө амалдары жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.