Ишемби, 02.08.2025
Бишкек booked.net
+15...+33° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КООМ

Жалпыга маалымдоо каражаттары жана китеп басып чыгаруу. Сандар жана фактылар

19:00 05.11.2021
0
Жалпыга маалымдоо каражаттары жана китеп басып чыгаруу. Сандар жана фактылар

2021-жылы кыргыз басма сөзүнө жана кыргыз журналистикасына — 97 жыл толду. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, полиграфия өнөр жайынын, радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын 1-ноябрындагы токтому менен 1924-жылдын ноябрь айында «Эркин-Тоо» улуттук гезитинин кыргыз тилинде биринчи санынын чыгуусунун урматына белгиленген. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдириштип, сандар жана фактылар менен бөлүштү.

1927-жылы гезит «Кызыл Кыргызстан» деп аталып, 1965-жылы «Советтик Кыргызстан» деп аталып калган. 1991-жылы эгемендик алгандан кийин гезитттин аталышы «Кыргыз Туусу» болуп өзгөргөн.

Республиканын дагы бир эски басылмасы – 1925-жылы негизделген жана орус тилинде чыккан «Слово Кыргызстана» гезити. Анын биринчи саны «Батрацкая Правда» деген ат менен жарык көргөн, андан кийин  «Крестьянский путь » деп аталат, 1927-жылдан «Советтик Кыргызстан» деп өзгөрөт. Ал эми 1991-жылдын февраль айынан бери гезит «Слово Кыргызстана» деп аталып келет.

Бул газиттер түзүлгөн алгачкы күндөрдөн тартып эле республикада ондогон жылдырдын ичинде болуп жаткан процесстерди чагылдырган коллективдүү агитатор, жалындуу пропагандист жана массанын уюштуруучусу болуп калышты. Алар сабатсыздыкты жоюу үчүн күрөшүүгө, калк арасында агартуу иштерин жүргүзүүгө, улуттук адабиятты жана журналистиканы өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошушту. Гезиттерде республиканын белгилүү илимпоздорунун, мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин макалалары жарыяланган.

Статистикалык бирдиктердин бирдиктүү мамлекеттик реестринин маалыматы боюнча, 2021-жылдын башында республиканын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттары катары катталган 1,8 миң чарба жүргүзүүчү субъекттер болгон, акыркы беш жылдын ичинде алардын саны дээрлик 14 пайызга көбөйгөн. Алардын катарында «Кыргыз Туусу», «Слово Кыргызстана»,«Эркин-Тоо», «Вечерний Бишкек», «Кут-билим”, «Супер Инфо»,  «Автогид» жана башка гезиттер бар.

166 көзкарандысыз телерадиокомпаниялар, «Жаңы Телекөрсөтүү Тармагы» («НТС»), «Көзкарандысыз Бишкек Телекөрсөтүүсү» (“НБТ»), «Пирамида» радиотехникалык борбору, «Европа» радиокомпаниясы жана башкалар иш-чараларды жүргүзүшкөн.

Кыргызстанда китеп басып чыгаруунун калыптанышы жана өнүгүүсү ХХ кылымдын 20-жылдарынын ортосунда башталган, ал мезгилде республикада улуттук жазуунун жана кыргыз тилиндеги биринчи басма сөз органдарын түзүү процесси негизинен аяктаган мезгил эле. Көркөм тексттерди, китептерди кыргыз тилинде басып чыгаруу улуттук китеп басмасы түзүлгөнгө чейин эле жүзөгө ашырылган, бирок алар Кыргызстандан тышкаркы жактарда басып чыгарылып келген.

1925-жылы Пишпек шаарынын басмаканасында 8 аталыштагы китеп басылып чыккан. Ошол эле жылы 30 аталыштагы китеп жалпы тиражы 100 миң нускада Москва, Ташкент жана Пишпек шаарларында басып чыгарылган.

1926-жылы Кыргыз мамлекеттик басма иштер башкармалыгынын биринчи жыйынында «Кыргызмамбас» («Киргосиздат») басмаканасы негизделген. Биринчи жылдын ичинде анда 26 аталыштагы китеп жалпы тиражы 66 миңге жакын нускада басылып чыккан.

30-жылдары Ата Мекендик китеп басып чыгаруу өз өнүгүүсү кыйла жакшырган, бул китеп басып чыгаруунун өндүрүштүк-техникалык базасынын өркүндөп өсүшү менен шартталган. 60-80-жылдары китеп басып чыгаруу ишмердиги негизинен «Кыргызстан», «Мектеп», «Илим», «Адабият» басмаканалары тарабынан жүргүзүлгөн.

2020-жылы жалпы тиражы 900 миң нуска менен 950 аталыштагы китептер басылып чыкты, алардын болжол менен 62 пайызы кыргыз тилинде басылып чыккан. Мындын тышкары, 2020-жылы 26 журнал, анын ичинен үчөөсү кыргыз тилинде, жылдык тиражы 67,6 миң нуска менен басып чыгарылган.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Жакында Мурас комплексиндеги батирлердин ачкычтарын президент Садыр Жапаров жарандарга тапшырат

Жакында Мурас комплексиндеги батирлердин ачкычтарын президент Садыр Жапаров жарандарга тапшырат

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:33 02.08.2025
0

Кечээ, 1-августта президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев борбор калаадагы Ынтымак жана Мурас турак жай комплекстериндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып...

Аттан кулап, жайлоодо калып калган жаранды куткарышты

Аттан кулап, жайлоодо калып калган жаранды куткарышты

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:26 02.08.2025
0

Кечээ, 1-август күнү Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарына караштуу Көк-Мойнок 2 айылындагы Четинди жайлоосунда 1985-жылы туулган С.К. аттуу жаран аттан кулап,...

2-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:47 01.08.2025
0

2-августка караган түнү айрым жерлерде Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын...

Тоңдо 30 жейрен жаратылышка коё берилди

Тоңдо 30 жейрен жаратылышка коё берилди

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:45 01.08.2025
0

Бүгүн, 1-августта Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Туз көл — Өрдөк учар участкасында жаратылышты коргоо максатында жейрендерди жапайы жаратылышка коё...

Курулуш министрлиги 100 жылдыгын белгиледи

Курулуш министрлиги 100 жылдыгын белгиледи

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:24 01.08.2025
0

Бүгүн, 1-август күнү Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 100 жылдык салтанаттуу мааракеси Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда белгиленди....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Ошто жаңы батирине ашкана эмерегин сураган жарандын өтүнүчү аткарылды

Ошто жаңы батирине ашкана эмерегин сураган жарандын өтүнүчү аткарылды

16:50 01.08.2025
2-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

2-августка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

18:47 01.08.2025
Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды

Бишкекте милиция кызматкерине пара берүүгө аракет кылган жаран кармалды

11:12 02.08.2025
Жакында Мурас комплексиндеги батирлердин ачкычтарын президент Садыр Жапаров жарандарга тапшырат

Жакында Мурас комплексиндеги батирлердин ачкычтарын президент Садыр Жапаров жарандарга тапшырат

11:33 02.08.2025
Аттан кулап, жайлоодо калып калган жаранды куткарышты

Аттан кулап, жайлоодо калып калган жаранды куткарышты

11:26 02.08.2025
«Nomad Trio» «Интервидение» сынагында Кыргызстанды таанытат

"Nomad Trio" «Интервидение» сынагында Кыргызстанды таанытат

11:16 02.08.2025

АРХИВ

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
« Июл    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

WWW.NET.KG

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2025 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү