Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
12-ноябрда УКМК тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн Жазык кодексинин 203-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, акча каражатын алып жаткан жеринен уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Кармалган жаран күч колдонуу жолу менен коркутуп, 2 миллион сом акча каражатын опузалап талап кылганы аныкталды. Шектүү УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.
Борбордук милициянын кызматкерлери УКМКнын Бишкек шаары башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте шаардын аймагында Хизб-ут-Тахрир диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармашты. Бул...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармактарда Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Борбордук милициянын кызматкерлери тарабынан бүтүрүүчүлөрдүн 20 жылдык жолугушуусунда жолдошунун колунан каза болгон келиндин аброюна шек келтирген блогер кармалды. Бул тууралуу...
Кечээ, 4-июнда социалдык тармакта Бишкектеги Тыналиев көчөсүндө тартылган видео тараган. Анда кызды күч менен унаага салып жатканын көрүүгө болот. Унаа...
Ошто 38 жаштагы келин 26-майда жолдошу тарабынан өлтүрүлгөн. Ал октон алган жаракатынан каза болгон. Келин тууралуу пост жазып, коомчулукта нааразычылык жараткан...