«Президентинин тапшырмасына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр электр кубаты үчүн 2022-жылдын 1-январынан тарта 50 тыйындан төлөйт. Эгерде керектөө 700 кВт/сааттан ашса, тариф 2,16 сом деңгээлинде сакталат. Учурда энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин тапшырмасы боюнча Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги буга чейин бекитилген орто мөөнөттүү тарифтик саясатына өзгөртүү киргизүү багытында иш жүргүзүүдө. Документ даяр болгондо макулдашуу үчүн Министрлер кабинетине жөнөтүлөт», — деп айтылат маалыматта.
Депутат Эльдар Сулайманов калкты акысыз медициналык кароодон өткөрүү саамалыгына катышты
Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен Бишкек шаарынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош облусун кыдырып, жергиликтүү калкты бекер медициналык кароодон өткөрүштү. Онкологиялык оорулардын...