Бүгүн, 5-январда Алматы шаарындагы аэропорт штаттык режимде иш алып бара жатат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан маалымдашты.
«Аэропорттун аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө байланыштуу учуп кете турган жүргүнчүлөрдү каттамга эрте келүүгө чакырабыз», — деп жазылат аэропорттун маалыматында. Соцтармактарга тараган видеолордун биринде аэропорттун аймагы аскер кызматкерлери менен курчалганын көрүүгө болот.
Невозможно загрузить видео из-за сетевого или серверного сбоя либо формат не поддерживается.
Начало диалоговго окна. Кнопка Escape закроет или отменит окно
Конец диалогового окна.
Буга чейин 2-январда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында тургундар газдын баасы кымбаттаганына нааразы болушуп, массалык түрдө митингге чыгышкан. Буга улай эле Актау шаарында да ушундай эле акция орун алган. Алар 1-январдан тарта газдын баасы 120 теңгеге өскөнүнө нааразы болуп, анын баасын 50-60 теңгеге ылдыйлатууну талап кылышкан болчу. Көп өтпөй, өлкөнүн башка шаарларында жаңы-өзөндүктөрдү колдогон митингдер башталып, 4-январь күнү кечинде нааразычылык акциясына чыккан жарандар саясий талаптарды коюшту.
Казакстанда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынын терезесинен балдарын түртүп, кийин өзү секирген келиндин 1,5 жаштагы баласына операция жасалып, бир бөйрөгү алынды....
30-июлда кечинде Сауд Арабиянын Таиф шаарындагы Green Mountain Park көңүл ачуучу жайында аттракцион сынып кеткен. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык,...
Алматынын Медеу районунда жумушчулардын куурап калган газондогу чөптү жашыл түскө боёп жатканын байкашкан. Март айында Krisp_almaty коомчулугу чөптү эле эмес,...